КӨЭАУнун STEM колдонмо кесиптер колледжинин Экономикалык жана укуктук сабактар бирикмесинин башчысы Гулнара Калыбекова тарабынан «Ош шаары цифралар менен» аттуу таасирдүү конок лекция уюштурулду.
Иш-чарага Ош шаардык статистика башкармалыгынын өкүлдөрү: башкы адис Батма Жээнбекова, Жийдегүл Абдибаитова жана Айсулуу Аскарбековалар атайын келип, шаардык статистикалык көрсөткүчтөр, эсептөөлөрдүн логикасы жана алардын коомдук өнүгүүгө тийгизген таасири тууралуу кеңири талдоо жасап беришти.
Коноктор студенттер менен активдүү суроо-жооп жүргүзүп, актуалдуу статистикалык багыттар боюнча чакан сурамжылоо да өткөрүштү.
Иш-чаранын соңунда бирикме менен университеттин атынан келген адистерге ыраазычылык кат тапшырылды.
Коммуникация жана медиа департаменти



