Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Тарых-филология факультетинде медицина тармагынын адистери тарабынан СПИДдин алдын алуу темасында агартуу лекциясы өткөрүлдү
Иш-чарага факультеттин бардык студенттери катышып, ВИЧ инфекциясынын жугуу жолдору, аны аныктоонун заманбап ыкмалары, ошондой эле алдын алуу чаралары боюнча маанилүү жана практикалык маалыматтарды алышты.
Лекторлор ден соолукту сактоодогу жоопкерчилик, жеке коопсуздук жана туура жашоо образынын мааниси тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти.
Бул сыяктуу жолугушуулар жаштардын медициналык сабаттуулугун жогорулатып, дени сак жашоо образын калыптандырууга чоң салым кошот.