Кыргыз Республикасынын Орто кесиптик окуу жайларынын спартакиадасында стол теннис боюнча мелдеште Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжи жалпы командалык эсепте 1-ОРУНДУ багындырды!
Команда курамын түзгөн балбандар төмөнкүдөй жеңиштери менен өз чеберчилигин далилдешти:
– Шарапов Самат — 1-орун;
– Азимбеков Адилет — 3-орун.
Университетибиздин намысын бийик көтөргөн спортчуларга жана алардын машыктыруучусу, КӨЭАУнун мыкты окутуучусу Абдулазиз Назаровго алкыш айтабыз жана алдыда дагы көптөгөн жеңиштерди каалайбыз.




