КӨЭАУнун өкүлү IV Эл аралык “Мода шериктештиги” форумуна катышып келди

 Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинин «Механика, энергетика жана дизайн» кафедрасынын башчысы, тигүү өндүрүшү боюнча инженер-технолог, философия илимдеринин кандидаты Гульнара Акматова РФнын Санкт-Петербург шаарында 17–24-ноябрь күндөрү болуп өткөн IV Эларалык «Мода шериктештиги» форумуна активдүү катышып келди.
 Иш-чарада окумуштуу «Улуттук салттар жана инновациялар: Кыргызстандагы мектеп формасынын дизайнында маданият менен моданын симбиозу жана университеттин ролу» аттуу темада баяндама жасады.
Форумдун алкагында Москва жана Санкт-Петербург шаарларынын жогорку окуу жайларынын катышуусунда тегерек столдор, мастер-класстар, семинарлар, ярмаркалар жана мода көрсөтүүлөр уюштурулду.
 КМШ жана РФнын белгилүү бренддеринин, ошондой эле атактуу дизайнерлердин автордук коллекциялары көрсөтүлүп, «ЭтноПери» бренди өзүнүн уникалдуу этностилдеги коллекциясы менен Кыргызстандын атынан катышып, баалуу белектерге ээ болду.
 Форумдун уюштуруучулары катышуучуларды баалуу белектер менен сыйлап, Санкт-Петербург шаарынын театрларына, музейлерине, тарыхый жана маданий жайларына акысыз баруу мүмкүнчүлүгүн түзүп беришти. Айрыкча, тарыхый экспонаттары менен дүйнөгө белгилүү Фаберже музейине болгон экскурсия өзгөчө эсте каларлык болду.
 “Эл аралык иш-чарага ийгиликтүү катышууга шарт түзгөн Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор А.Мамасыдыковго, маалымат катын жөнөткөн окуу иштери боюнча проректору, профессор А.Балтабаевага, факультет деканы Ж.Жээнтаевага терең ыраазычылык билдирем”,- деди Гульнара Акматова.
 Иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп, эл аралык масштабдагы талаптарга толук жооп берди. Форумдун негизги бөлүгү Таврия сарайында жана Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде өтүп, ири демөөрчүлөрдүн колдоосу менен кеңири форматта уюштурулду.
Коммуникация жана медиа департаменти