Ош шаарында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки көчө бириктирилип, ага Казак эл акыны Абай Кунанбаевдин ысымы ыйгарылды. Көчөнүн ачылыш аземине Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жамааты да жигердүү катышты.
Бул өз кезегинде кыргыз-казак маданий биримдигинин, тил жана руханий мурастарга болгон урмат-сыйдын дагы бир символу болуп калды.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ильяз Ташбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министри Аида Балаева жана Казакстандын Оштогу башкы консулу Мухтар Карибай баштаган расмий жетекчилер катышты.
Жаңы ачылган скверге Абай Кунанбаевдин эстелиги жана музейи орнотулуп, брусчатка төшөлүп, отургучтар коюлуп, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери толук жүргүзүлдү.
Абай Кунанбаевдин ысымын көчөгө ыйгаруу — достуктун, биримдиктин жана руханий баалуулуктардын айкын белгиси.
Коммуникация жана медиа департаменти






