КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ОРУС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ ДЕКАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Тарых-филология факультетинин Орус тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулган Орус тили жана адабияты жумалыгы жыйынтыкталып, салтанаттуу жабылыш аземи өттү.
 Иш-чарага университеттин жетекчилиги, профессор-окутуучулар, Ош шаарындагы Орус үйүнүн өкүлдөрү жана студенттер катышып, коноктор тарабынан орус тилинин билим берүү жана маданий интеграциядагы мааниси кеңири белгиленди.
 Декада алкагында өткөрүлгөн чыгармачылык жана илимий багыттагы сынактардын, интеллектуалдык мелдеш жана адабий кечелердин жеңүүчүлөрү диплом, Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.
Маданий бөлүктө студенттер поэзия окуп, театрлаштырылган көрүнүштөрдү көрсөтүшүп, ыр-бий номерлери менен көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.
Орус маданиятына арналган көркөм номерлер коноктордун жана катышуучулардын купулуна толуп, студенттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүгү кеңири ачылды.
 Жыйынтыгында факультет деканы, п.и.к., доцент Жаннат Каденова сөз сүйлөп, уюштуруучуларга жана катышкан студенттерге терең ыраазычылык билдирип, декада расмий түрдө жабык деп жарыяланды.
Коммуникация жана медиа департаменти