Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын жолугушуусунун алкагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган «Чыңгыз Ааламы» аттуу көргөзмө уюштурулду.
Иш-чарага «Ч. Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму» коомдук уюмунун вице-президенти Динара Жумабаеванын эмгектери коюлган. Ал көргөзмөгө коюлган, өзүнүн кол эмгеги менен даярдалган сүрөттөрдүн ар бирине кеңири токтолуп, алардын жаралуу тарыхын кызыктуу баяндап берди.
Кадимки айнек бетине түшүрүлгөн чыгармаларга айрыкча коноктор чоң кызыгуу менен баа беришти. Айтматовдун терең дүйнөсүн чагылдырган сүрөттөр көрүүчүлөргө руханий азык тартуулап, маданий баалуулуктарды терең сезүүгө мүмкүндүк берди.
Бул күндүн өзгөчөлүгү катары «Бир тууганга белек — китеп» аттуу акция да өтүп, эки элдин достугун даңазалаган дагы бир керемет саамалык болду.