Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Магистратура бөлүмү жана Илим, аспирантура жана докторантура PhD бөлүмү тарабынан «Илимий теманын актуалдуулугун аныктоонун критерийлери жана практикалык ыкмалары» аттуу илимий семинар уюштурулду.

Семинарды магистратура бөлүмүнүн башчысы, п.и.к., доцент Назира Тилекова ачып, катышуучуларды жана конокторду тааныштырды. Илимий иш-чарага Илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор, э.и.д., профессор Алмаз Атабеков, Илим, аспирантура жана докторантура PhD бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Ильязбек Исаев, ГПФтин Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасынын башчысы, Билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер Топчубай Исаков жана магистранттар, аспиранттар, өкүлдөрү катышышты.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
• илимий теманын актуалдуулугун аныктоонун критерийлери;
• практикалык маанисин аныктоо ыкмалары;
• изилдөөнүн объект, предмет, максат жана милдеттерин туура жазуу;
• магистранттар менен аспиранттар үчүн практикалык кеңештер.

Профессор Алмаз Атабековдун баяндамасы терең мазмундуу болуп, катышуучулардын активдүү суроо-жооп форматында уланды.

Семинар илимий изилдөөгө жаңы кадам таштаган жаштар үчүн пайдалуу маалыматтарга бай болду.

Коммуникация жана медиа департаменти



