Кесиптик бирлик – укук жана жоопкерчилик темасында окуу-семинары өттү

 26-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин №02-3/45 буйругунун негизинде “Билим берүү уюмдарындагы кесиптик бирликтин ролу: укуктар жана милдеттер” аттуу окуу-семинары өткөрүлдү.
📍Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шерали Эгембердиев баш болгон түзүмдөрдүн төрага, төрайымдары активдүү катышты.
📍Семинарды КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Акылбекович Бойонов ачып, профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берди.
📍Окуу учурунда жамааттык келишимдерди түзүү, мыйзам актыларына таянуу жана кесиптик бирликтин эмгек институту тууралуу практикалык маалыматтар айтылды.
📍Иш-чаранын соңунда катышуучуларга Борбордук комитет тарабынан расмий сертификаттар тапшырылды.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти