Ош шаарында өткөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу ХІІ Эл аралык студенттик илимий конференцияда Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери өзгөчө активдүүлүктү жана жогорку даярдыкты көрсөтүштү.

КӨЭАУдан жалпы 45тен ашуун илимий макала сунушталып, 50дөн ашуун таланттуу студенттер, магистранттар жана аспиранттар өз баяндамаларын ийгиликтүү коргоп чыгышты. Конференциянын жыйынтыгында КӨЭАУнун жаш изилдөөчүлөрү илимге кошкон салымы үчүн биринчи, экинчи жана үчүнчү даражадагы дипломдорго ээ болушуп, университеттин илимий потенциалын тастыкташты.

Ошондой эле, университетибиздин атынан конок катары чакырылган профессор М.Исманов жаш илимпоздорго пленардык жыйында өзүнүн баалуу кеңештерин айтып өттү.

“Студенттердин илимий жетишкендиктерине чоң салым кошкон профессордук-окутуучулук курамга терең ыраазычылык билдиребиз. Алардын кесипкөй жетекчилиги жана талыкпаган эмгеги жаш илимпоздордун келечектеги ийгиликтерине негиз түзөт,” – деди КӨЭАУнун Илим, аспирантура жана докторантура (PhD) бөлүмүнүн башчысы Ильязбек Исаев.
Коммуникация жана медиа департаменти
