Кыргыз- Өзбек Эл аралык университетинин Волейбол боюнча курама командасы байгелүү орунду багындырды

 “Достук” спорт клубу «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» президенттин Жарлыгын аткаруу максатында студенттер арасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү багытында бир катар иштерди жүргүзүп келет.
Ушул багытта студенттерди спортко тартуу, сергек жашоо образын жайылтуу жана республиканын студенттик курама командаларын түзүү максатында Бишкек шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайларынын Спартакиадасына катышууда.
♦️ Аталган мелдешке КӨЭАУнун машыктыруучусу Калдарбек уулу Самат башында турган төмөнкү курама командасы катышты:
1. Өмүрзаков Айтбек – ПВ11-3-25
2. Будинов Акжол – ПВ9-1-23
3. Сабиров Актан – ЭБУ9-1-23
4. Нурланбек уулу Бекзат – ЭБУ9-1-23
5. Акылбек уулу Абдурахим – СО-1-23
6. Мамбетбай уулу Токтобек – СО-1-23
7. Байышов Бүркүтбек – ПВ11-2-25
8. Урматбеков Аскат – ПОВТАС9-1-24.
🎉 Команда спорттук таймаштарда волейбол боюнча университеттин намысын татыктуу коргоп, 2-орунду багынтышты.