КӨЭАУда “Жаңы доордун журналистикасы” аттуу кереге кеңеш өттү

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде 8-декабрь — кыргыз радио жана теле кызматкерлеринин күнүнө карата «Жаңы доордун журналистикасы» темасында кереге кеңеш уюштурулду.
♦️Иш-чаранын ачылышына университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып, журналистиканын коомдогу орду, медианын күчү жана бүгүнкү санарип доордогу ролу тууралуу мазмундуу сөз сүйлөдү. Ректор КӨЭАУ менен тыгыз кызматташкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Исхак Раззаков тууралуу баалуу китептерди белекке тапшырды.
♦️Өз сөзүндө ректор жаңы окуу жылында Коммуникация жана медиа департаменти түзүлгөнүн, университет 4-муундагы заманбап университет болууга багыт алганын белгилеп, медианын бул жолдогу ролу өзгөчө экенин баса көрсөттү.
🗣️ Кереге кеңеште журналисттер жаңы доордун талаптары, жоопкерчилик, кесиптик өнүгүү жана маалыматтын ыкчамдуулугу боюнча эркин форматта ой бөлүштү.
♦️Коммуникация жана медиа департаментинин директору, Кыргызстан журналисттер союзунун Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы Тургунбай Алдакулов Кыргызстан журналисттер союзунун төрагасы Ильяз Балташевдин атынан журналисттерди куттуктап, кесиптештерди ынтымакка, тилектештикке жана биримдикке чакырды.
✨ Иш-чара мазмундуу пикир алышуу, тажрыйба бөлүшүү жана кесиптик байланыштарды бекемдөө менен жогорку деңгээлде өттү.
Коммуникация жана медиа департаменти