Күндөлүк тартип жана жеке гигиена” боюнча ачык сабак өтүлдү

 КӨЭАУнун Медициналык колледждин Гуманитардык сабактар бирикмесинин окутуучусу Алиханова Айнура Мамазариповна ЛД-1-25 тайпасы үчүн «Күндөлүк тартип жана жеке гигиена» деген темада ачык сабак өттү.
Сабактын максаты — студенттерге күнүмдүк тартип менен жеке гигиенанын маанисин түшүндүрүү жана орус тилиндеги причастиелердин түзүлүшүн практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болду.
Ачык сабак жогорку деңгээлде өтүп, студенттер топтук иш, презентация даярдоо, синквейн түзүү, ребус чечүү сыяктуу тапшырмаларга активдүү катышты. Мугалим заманбап интерактивдүү усулдарды колдонуп, сабакты кызыктуу жана пайдалуу уюштурду.
Рефлексия баскычында студенттердин билим деңгээли ZIPGRADE тиркемеси аркылуу тесттик тапшырмалар менен бааланды.
Бул ачык сабак студенттердин чыгармачылыгын, сабаттуулугун жана жигердүү катышуусун жогорку деңгээлде көрсөттү.
 Коммуникация жана медиа департаменти