Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Наманган мамлекеттик университетинин делегациясы келди

 Делегация курамында:
•⁠ ⁠Биотехнология факультетинен — б.и.к., доцент Имомов Отабек Нормирзоевич;
•⁠ ⁠Физика факультетинен — ф.-м.и.к., доцент Набиев Азамжон Ботиржонович;
•⁠ ⁠Химия кафедрасынын улук окутуучусу Махмудов Мухаммадрасул Содикхон уулу жана 22 студент бар.
 Меймандарды университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алып, КӨЭАУнун Эл аралык байланыштар департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулунун катышуусунда Наманган мамлекеттик университети менен академиялык алмашуу, тажрыйба бөлүшүү жана конок лекцияларды өткөрүү иштери талкууланды.
 Делегация андан ары Тарых-филология факультетинин деканы, п.и.к., доцент Жаннат Каденованын коштоосунда улуттук борборлор менен таанышып чыгышты.
 Эскерте кетсек, аталган делегация бир жумалык окуу мөөнөтүн Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өткөрөт.
 Коммуникация жана медиа департаменти