10-декабрь – Эл аралык адам укугу күнүнө карата Юридика-экономика факультетинин «Мамлекеттик-укуктук сабактар» кафедрасы тарабынан уюштурулуп жаткан «Адам укугу – менин, сенин укугун” аталышындагы жумалык акциясы “Укугумду билемин” аталышындагы акыл таймашы менен жыйынтыкталды.
Таймаштын жүрүшүн Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, ф.и.к., доцент Сыргак Сарыков куттуктоо сөзү менен ачып берди. Куттуктоо сөзүн улай факультеттин деканы, ю.и.д., профессор Алмагүл Көкөева сөз сүйлөп, иш-чаранын жалпы сый-конокторун куттуктап өттү.
Акыл таймашты калыс карап, баасын бере турган калыстар тобунун төрагасы болуп ф.и.к., доцент Сыргак Сарыков, мүчөлөрү: Эгембердиев Мираждин, п.и.к., доцент Назира Тилекова, т.и.к.Чыныбек Адылов жана Жылдызхан Мусуровалар иш алып барды.
Жалпысынан төрт команда катышып, беш талаптан турган шартты аткарып, калыстар тобунун берген баасына ылайык командалар төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:
Акыл таймаштын жыйынтыктоочу бөлүгүндө калыстар тобунун төрагасы Сыргак Сарыков командалардын даярдыктарына токтолсо, калыстар тобунун мүчөсү, Магистратура бөлүмүнүн башчысы, п.и.к., доцент Назира Тилекова акыл таймаштын темасына токтолуп, иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи.
Ата-энелердин өкүлү катары калыстык кылган Жылдызхан Мусурова жалпы университеттин ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, студенттерди убактытты туура пайдаланып, укуктуу билим алууга үндөп кетти.
Иш-чаранын соңунда жалпы жумалыктын жыйынтыгы чыгарылып, жигердүү окутуучулар жана студенттер баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Коммуникация жана медиа департаменти





