КӨЭАУнун окутуучусу жана студенттери Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде өткөн CliCK 2025 долбоордук Хакатонуна ийгиликтүү катышып, университетибиздин аброюн жогорулатып келишти.
CliCK 2025 Хакатону – Кыргызстан жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн студенттери үчүн туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшүнө адаптация жана аз көмүртектүү экономика багытында практикалык чечимдерди иштеп чыгууга арналган маанилүү дисциплиналар аралык платформа болуп саналат.
Хакатон «Ала-Тоо» Эл аралык университети тарабынан өнөктөш уюмдар менен биргеликте уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылган.
Бул долбоорго КӨЭАУнун ИТжТПФнын «ТИОУ» кафедрасынын ага окутуучусу Рахила Калмурзаева жана ИФФнын «Келечек жаштары» командасынын мүчөлөрү — Саитов Нурбол, Муратов Гуламидин, Рахматуллаева Рабия, Аматова Саида активдүү катышышты.
Онлайн этап 10-ноябрь күнү өтүп, Кыргызстан жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ЖОЖдорунан 31 команда катышкан. Алардын ичинен КӨЭАУнун «Келечек жаштары» командасы финалдык турга өткөн 16 команданын катарына кирди.
Бишкек шаарында 12-декабрда өткөн финалдык турда КӨЭАУнун студенттери «Эки деңгээлдүү экосистема (Вертикалдык агроферма)» аттуу долбоорун жогорку деңгээлде презентациялашты.
Жыйынтыгында, КӨЭАУнун «Келечек жаштары» командасы 16 командадан турган эки лиганын ичинен тандалып алынган 4 финалист команданын бири болуп, сертификаттарга, баалуу белектерге жана акчалай сыйлыкка ээ болушту!
Бул жетишкендик – университетибизде экологиялык ой жүгүртүүгө ээ, заманбап жана жоопкерчиликтүү адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгынын дагы бир далили.
Командабызды жана жетекчи окутуучубузду чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыда дагы ийгиликтер улана берсин!
Коммуникация жана медиа департаменти



