КӨЭАУда эл аралык академиялык кызматташтык бекемделүүдө

 Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Андижан Экономика жана педагогика мамлекеттик эмес университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында англис тилин окутуу багытында академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө арналган маанилүү жолугушуу болуп өттү.
 Андижан Экономика жана педагогика мамлекеттик эмес университетинин Чет тилдер кафедрасынын башчысы, доцент Нишонов Исмоил, Чет тилдер кафедрасынын профессору, филология илимдеринин (PhD) доктору Мирзааҳмедова Юлдузҳон, Чет тилдер кафедрасынын доценттери Иргашов Махмуджон, Ашурова Нодира, Джабборова Нодира жана студенттерден турган делегацияны КӨЭАУнун Эл аралык байланыштар департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулу жана Тарых-филология факультетинин деканы Жаннат Каденова тосуп алып, университеттин базасында иш алып барган борборлор менен тааныштырды.
Тараптар андан ары англис тилинде адистерди даярдоо, академиялык мобилдүүлүк жана билим берүү программаларын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
 Бул иш-чара тажрыйба алмашууга, тилдик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана университеттер аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
 Коммуникация жана медиа департаменти