КӨЭАУда балдар үчүн майрамдык маанай тартууланды

 Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Бириккен кесиптик бирлик комитети тарабынан профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин балдары үчүн “Келечек” жаштар борборунда жаңы жылдык кече уюштурулду.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, доцент Сарыков Сыргак Токтосунович жана Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Эгембердиев Шерали Маннабович ата-энелерди жана балдарды куттуктап, жаңы жылда ийгиликтерди каалашты.
“Келечек” жаштар борбору тарабынан даярдалган кызыктуу концерттик программа жаш жеткинчектердин маанайын көтөрүп, балдарга белектер тартууланды. ✨
 Балдар күлкүсу — эң сонун майрам!
 Коммуникация жана медиа департаменти