КӨЭАУда XIX илимий сессия: илимдин сапаты — коомдун өнүгүүсүнүн негизи

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде (КӨЭАУ) Илим жумалыгынын алкагында
Гуманитардык-педагогикалык факультети жана
Инженердик-технологиялык жана табийгый-педагогикалык факультети
профессордук-окутуучулук курамдын 2025-жылдагы илимий ишмердүүлүгүн камтыган XIX илимий сессиянын алкагында илимий отчетторун комиссияга тапшырышты.
Бул илимий сессия университеттин стратегиялык өнүгүү планына ылайык уюштурулуп, илимий изилдөөлөрдүн сапатын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган. Атайын түзүлгөн комиссия факультеттердин, кафедралардын жана илимий борборлордун отчетторун кабыл алып, ар бир окумуштуунун илимге кошкон салымын комплекстүү түрдө талдоодо.
 Негизги артыкчылыктар жана талаптар
XIX илимий сессиянын алкагында төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурулууда:
Глобалдык интеграция — Scopus жана Web of Science базаларына кирген жогорку импакт-факторлуу журналдардагы илимий макалалар;
Интеллектуалдык менчик жана инновация — IT-долбоорлор, программалык камсыздоолор жана патенттер;
Илим менен практиканын байланышы — экономикалык, техникалык жана гуманитардык тармактардагы изилдөөлөрдүн натыйжалуулугу.
 Илимий иштерди кабыл алуу жана баалоо төмөнкү курамдагы комиссия тарабынан жүргүзүлүүдө:
А. К. Атабеков — илим жана инновация боюнча проректор, э.и.д., профессор;
Ч. К. Райымбаев — ИТ ИИИ директору, э.и.д., профессор;
И. Э. Исаев — илим, аспирантура жана докторантура (PhD) бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент;
А. Ш. Юсупов — Инновациялык экономика илимий-изилдөө борборунун директору, э.и.к., доцент;
Н. А. Салиева — ИБТ илимий журналынын техникалык редактору.
Илимий сессия 22-январга чейин уланат. Бул аралыкта кафедралардын илимий жетишкендиктери талкууланып, алдыңкы изилдөөлөр аныкталат.
 Коммуникация жана медиа департаменти