Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгын белгилөөгө кошкон бараандуу салымы үчүн КӨЭАУнун ректору төш белги менен сыйланды

 Көрүнүктүү педагог-окумуштуу, профессор Каратай Сартбаевдин 95 жылдык мааракесин белгилөө алкагында буга чейин Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Сартбаевдик окуулар–2025» иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулган.
Анын алкагында «Заманбап билим берүүдө санариптик технологияларды колдонуунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп, окумуштуунун бай педагогикалык мурасын жайылтууга, жаш муундарга таанытууга жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзүлгөн.
 Иш-чара Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин демилгеси менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурулуп, ага белгилүү илимпоздор, профессордун шакирттери, аспиранттар жана магистрлер катышкан.
 Конференциянын жүрүшүндө профессор Каратай Сартбаевдин башталгыч билим берүүдөгү орду, окуу китептеринин тарыхый жана практикалык мааниси кеңири талкууланып, университеттин студенттерине Каратай Сартбаев атындагы стипендия тапшырылган.
 Мааракелик иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы жана Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгын белгилөөгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Асанович Мамасыдыков И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен «Профессор Каратай Сартбаев» атындагы төш белги менен сыйланды. Сыйлыкты п.и.д., профессор Сакиева Сайипжамал Салайдиновна университетке болгон иш-сапарында тапшырды.
 Бул иш-чара Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин улуттук билим берүү тарыхына, илим менен педагогикалык мурасты даңазалоого кошкон олуттуу салымын дагы бир ирет айгинеледи.
 Коммуникация жана медиа департаменти