Жыйындын башында университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович сөз сүйлөп, кабыл алынган ар бир чечим окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүнө багытталышы керектигин белгилеп, кеңеш мүчөлөрүн активдүү катышууга чакырды.
Күн тартибине ылайык, илим жана инновация боюнча проректор, профессор Атабеков Алмаз Каримович университеттин илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн 2025-жылдагы жыйынтык эсеп-кысабы жана келечектеги өнүгүү перспективалары тууралуу баяндама жасады. Баяндама боюнча кеңеш мүчөлөрү суроолорду берип, илим тармагындагы иштерди мындан ары да жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлер айтылды. Натыйжада профессор Алмаз Каримовичтин эсеп-кысабы канаттандырарлык деп табылды.
Ошондой эле университеттин 2025–2030-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы тууралуу проректорлор өз багыттары боюнча маалымат беришти.
Жыйындын жүрүшүндө окуу иштери боюнча проректор, профессор Балтабаева Аида Тынайбековна мурда жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыктары боюнча кыскача маалымат берип, анын жыйынтыгы Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилди.
Аттестациянын жыйынтыгына жана инфляциялык өсүүнү эске алуу менен, университеттин эмгек жамаатынын эмгек акысын февраль айынан тартып жогорулатылган эсеп менен төлөп берүү боюнча ректор тарабынан тиешелүү тапшырма берилди.
Мындан тышкары, Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо борборунун жетекчиси, профессор Зулпукаров Алтынбек Зулпукарович борбордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Борбордун ишине байланыштуу сунушталган жоболор добушка коюлуп, бир добуштан кабыл алынды.
Коммуникация жана медиа департаменти





