Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Тажикстан Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Финансы илим-изилдөө институту тарабынан 24-январь күнү уюштурулган Эл аралык конференцияга катышып, мазмундуу баяндама жасады.
Форум Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарындагы Улуттук китепканада өтүп, ага Тажикстан, Россия, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен келген алдыңкы окумуштуулар, эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана каржы тармагынын адистери чогулду.
Иш-чаранын алкагында КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков куттуктоо сөзү менен чыгып, финансы системасын санариптик трансформациялоо бүгүнкү күндө мамлекеттердин экономикалык туруктуулугун камсыздоодогу негизги факторлордун бири экенин белгиледи. Анын айтымында, санариптик технологиялар каржы башкаруусунда ачыктыкты, ыкчамдыкты жана натыйжалуулукту жогорулатуу менен бирге, адамдык капиталга инвестиция салууну талап кылат.
Ректор өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрү үчүн финансылык-санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, экономикалык өсүш жана бизнес-процесстерди ылдамдатуу дал ушул багыттагы кадрларды даярдоого түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө накталай эмес төлөмдөрдү кеңейтүү, баалуу кагаздар рыногун санариптик шартта өнүктүрүү, исламдык каржылоо, жашыл каржылоо, ошондой эле мамлекеттик финанстарды башкарууда санариптик технологияларды колдонуу маселелери кеңири талкууланды.
Атап айтканда, исламдык каржылоо ишкердикти өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого шарт түзсө, жашыл каржылоо экологиялык таза инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө багытталганы белгиленди. Ал эми баалуу кагаздар рыногунун өнүгүшү аймактык экономикалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылды.
Форумдун жыйынтыгында эл аралык деңгээлдеги илимий-тажрыйбалык кызматташтыкты бекемдөө максатында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Тажикстан Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Финансы илим- изилдөө институту менен кызматташуу келишимине кол койду.
Бул форум Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштарын чыңдоого, финансы жана санариптик экономика жаатындагы академиялык жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.
Коммуникация жана меди департаменти

