КӨЭАУнун 3 адистиги программалык аккредитациядан ийгиликтүү өттү

 Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Билим берүү программаларын аккредитациялоо боюнча агенттиги (ААОПО) тарабынан “менеджмент” – жогорку кесиптик билим берүү (580200) жана “ортапедиялык стоматология” (060106), “электр менен камсыздоо” (140212) орто кесиптик билим берүү программалары боюнча аккредитациядан ийгиликтүү өттү.
 Аталган билим берүү программаларынын ишмердүүлүгүн баалоо Кыргыз Республикасынын билим берүү программаларын аккредитациялоо стандарттарынын негизинде жүргүзүлүп, ААОПОнун Аккредитациялык кеңешинин отурумунда каралды.
 Натыйжада, 2026-жылдын 21-январындагы №3/26/01-1 буйругунун негизинде университетке аккредитациялык талаптарга толук жооп бергендигин тастыктаган сертификат ыйгарылды.
 Бул жетишкендик — университеттин билим берүү сапатынын жогору экенин, окутуу программаларынын заманбап талаптарга жооп берерин жана студенттер үчүн ишенимдүү келечек түзүлүп жатканын далилдейт.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети — сапаттуу билим, ишенимдүү келечек!
 Коммуникация жана медиа департаменти