КӨЭАУнун окутуучусу эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

 Эркин күрөш боюнча +35 жаштагылар арасында өткөн эл аралык мелдеште Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу Камалов Ильяз мыкты жыйынтык көрсөтүп, Кыргызстандын чемпиону аталды.
 Аталган эл аралык мелдешке Кыргызстан, Россия, Монголия, Өзбекстан жана Казакстандан келген тажрыйбалуу балбандар катышып, күч сынашты. Жогорку деңгээлде уюштурулган таймашта Камалов Ильяз өзүнүн спорттук чеберчилигин, туруктуулугун жана жеңишке болгон эркин даана көрсөтө алды.
 Бул жеңиш — университетибиздин спорт тармагындагы жетишкендиктеринин дагы бир далили болуп, студенттерге жана жаш спортчуларга мыкты үлгү болууда.
 Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жамааты Камалов Ильязди бул зор ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайт жана мындан аркы спорттук мелдештерде да жаңы жеңиштерди каалайт!
 Коммуникация жана медиа департаменти