КӨЭАУда «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча маалыматтык иш-чара өттү

 Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде студенттер үчүн Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолуна арналган маалыматтык- таанып-билүүчү иш-чара болуп өттү.
 Иш-чарага университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты.
Маалыматтык иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде уюштурулуп, анда өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү багытын аныктаган уңгужолдун мазмуну, максаттары жана тарыхый-коомдук мааниси кеңири талкууланды.
 Иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Сыргак Сарыков студенттерди билимге умтулууга, китеп окууну күнүмдүк адатка айлантууга чакырды. Ошондой эле ал тарыхты билүү ар бир кыргыз жаранынын жарандык милдети экенин белгилеп, ааламдашуу шартында жаштардын негизги максаты жалаң гана материалдык жетишкендиктер менен чектелбестен, билим алып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу болушу зарылдыгын баса белгиледи.
 Андан соң «Уңгужол – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн идеологиялык негизи» темасында баяндама жасалып, аны STEM тил жана коомдук сабактар бирикмесинин жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Атамбаева Упөл Жусупакматовна сунуштады. Баяндамада Кыргызстандын тарыхый өнүгүү жолу, улуттук баалуулуктарды сактоо жана муундар ортосундагы руханий мурастын улануусу тууралуу кеңири маалымат берилди.
 Иш-чаранын жүрүшүндө «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүгүү багыты экени белгиленип, анын негизги максаты — улуттук өзгөчөлүктү, маданий мурасты жана руханий баалуулуктарды сактоо менен катар, заманбап дүйнөнүн талаптарына шайкеш, атаандаштыкка жөндөмдүү коомду калыптандыруу экени айтылды.
 Уңгужолдун алкагында төмөнкү негизги багыттарга өзгөчө көңүл бурулары белгиленди:
– таалим-тарбия, илим, билим жана маданиятты өнүктүрүү;
– айлана-чөйрөнү коргоо;
экономиканы өнүктүрүү;
мамлекеттик тилдин макамын чыңдоо;
– социалдык мамилелерди жакшыртуу;
– дене тарбия жана спортту өнүктүрүү;
– дин жана руханий баалуулуктар багытындагы иштерди туура нукта жүргүзүү.
 Иш-чаранын соңунда университеттин мамлекеттик тил боюнча бөлүм башчысы Ажимамат Бөтөноев баяндама жасап, уңгужолдун мазмуну, анын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду жана билим берүү мекемелеринде ишке ашырылышы тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.
 Маалыматтык иш-чара студенттердин жарандык аң-сезимин жогорулатууга, тарыхты таанып-билүүгө жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун коомдогу маанисин терең түшүнүүгө багытталды.
 Коммуникация жана медиа департаменти