23-февраль – Мекенди коргоочулар күнүнө карата спорттун бильярд түрү боюнча атайын турнир өткөрүлдү

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучулары жана кызматкерлери арасында 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнүнө карата спорттун бильярд түрү боюнча атайын турнир өткөрүлдү
 Турнир университеттин ректору, профессор Абдилбаат Мамасыдыковдун куттуктоо сөзү менен ачылып, андан соң командалык баскычта улантылды. Иш-чаранын катышуучуларына жана күйөрмандарына ректорат тарабынан сый-тамак уюштурулуп, байге фонду окуу жайдын Бириккен кесиптик бирлик комитети тарабынан камсыздалды.
 Оюндун жүрүшүндө стратегиялык тактикасы жана жогорку чеберчилиги менен айырмаланган беш оюнчу “Мыкты оюнчу” номинациясына татыктуу болушту.
 Финалдык баскычка чыккан төрт оюнчу күч сынашып, жыйынтыгында 1-орунга Алтынбек Зулпукаров, 2-орунга Жаанбай Жапаркулов, 3-орунга Теңдикбек Козуев, ал эми 4-орунга Орозбек Урайимов ээ болуп, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
 Мындай иш-чаралар жамааттын ынтымагын бекемдеп, сергек жашоо образын жайылтууга чоң өбөлгө түзөт.
 Коммуникация жана медиа департаменти