Президент С.Н. Жапаровдун демилгеси менен башталган Улуттук “Жашыл Мурас” өнөктүгүнүн алкагында Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган Алишер Навои атындагы эс алуу жайына көчөт отургузуу иш-чарасына Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эмгек жамааты активдүү катышты.
Университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган жамаат жашыл аймактарды көбөйтүүгө өз салымын кошуп, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык маданиятты өнүктүрүү багытындагы иш-аракеттерди колдоорун дагы бир ирет тастыктады.
Бул демилге — келечек муундар үчүн таза аба, жашыл шаар жана экологиялык туруктуулукка багытталган маанилүү кадам.
Коммуникация жана медиа департаменти

