Каракол шаарында өткөн стол үстүндөгү теннис боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар арасындагы чемпионатында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КӨЭАУ) студенти Жолболдуев Дилмухаммед жогорку жыйынтык көрсөтүп, университетибиздин намысын татыктуу коргоду. Мелдештин жүрүшүндө спортчубуз жекече оюн боюнча финалга чейин жетип, II орунду багындырды. Ошондой эле жуптук мелдеште Шарапов менен биргеликте мыкты оюн көрсөтүп, II орунга ээ болушту. Командалык эсепте да КӨЭАУнун өкүлдөрү курч атаандаштык шартында таймашып, жыйынтыгында III орунду камсыз кылышты.
Чемпионат жогорку деңгээлде уюштурулуп, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген күчтүү спортчулардын катышуусунда өттү. Мындай ийгилик – студенттерибиздин тынымсыз эмгегинин, өжөрлүгүнүн жана кесипкөй даярдыгынын жыйынтыгы.
Спортчуларыбызды мелдешке мыкты даярдаган машыктыруучу – Дене тарбия жана спорттун отличниги Назаров Абдулазиз Хаитбаевичтин эмгеги өзгөчө белгилөөгө татыктуу. Анын тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү студенттердин ийгилигине чоң салым кошууда.
КӨЭАУ студенттердин билим алуусу менен катар спорттук жетишкендиктерине да ар дайым колдоо көрсөтүп, ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүп келет. Бул жеңиштер – университетибиздин сапаттуу билим берүүнүн жана дене тарбия тармагындагы системалуу ишинин айкын далили.
Жеңүүчүлөрүбүздү чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан аркы мелдештерде дагы да бийик ийгиликтерди каалайбыз!
Коммуникация жана медиа департаменти



