21-февраль – Эл аралык эне тил күнү: «Тил биримдиги – эл биримдиги» аттуу достук фестивалы өттү

 Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Тарых-филология факультети тарабынан 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата «Тил биримдиги – эл биримдиги» аттуу студенттер арасындагы достук фестивалы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
 Иш-чараны университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков куттуктоо сөзү менен ачып, маданий мурастын сакталышында жана улут тагдырында эне тилдин өзгөчө орду бар экенин баса белгиледи.
 Фестивалдын алкагында улуттар достугун, биримдигин жана маданий ар түрдүүлүгүн даңазалаган көркөм окуулар, патриоттук чыгармалар тартууланды. Тарых-филология факультетинин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган мазмундуу концерттик программа катышуучуларга майрамдык маанай тартуулады.
 Иш-чаранын жүрүшүндө ар улуттун тилине, маданиятына жана каада-салттарына болгон терең урмат-сый баса белгиленип, студенттерди ынтымакка, өз ара сый-урматка, биримдикке жана мекенчилдикке чакырган ойлор айтылды.
 Эл аралык достукту жана маданий көп түрдүүлүктү туу туткан университет улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жаштарды мекенчилдикке жана руханий баалуулуктарга тарбиялоо багытында илимий жана маданий иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштуруп келет.
Мындай иш-чаралар студенттердин жарандык жоопкерчилигин арттырып, коомдогу биримдикти чыңдоого өбөлгө түзөт.
 Коммуникация жана медиа департаменти