21-февраль – Эне тили күнү Бабур театрында жогорку деңгээлде белгиленди

Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен 21-февраль – Эне тили күнүнө карата салтанаттуу иш-чара Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети тарабынан өткөрүлдү.
Иш-чаранын уюштуруу милдети университетке жүктөлүп, бардык даярдык жана координациялык иштер жогорку жоопкерчилик менен аткарылды. Университеттин профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери жана студенттери активдүү катышып, майрамдык иш-чаранын мазмундуу жана көрктүү өтүшүнө чоң салым кошушту.
 Анын алкагында университет жамааты тарабынан өзбек элинин улуттук көргөзмөсү уюштурулуп, каада-салттары, улуттук кийимдери, маданий мурастары жана көркөм өнөрү даңазаланды. Бул көргөзмө көп улуттуу коомдогу ынтымакты, маданий ар түрдүүлүктү жана тилге болгон урмат-сыйды айгинелеп турду.
Эне тил – ар бир улуттун жүзү, улуттук аң-сезиминин негизи жана руханий байлыгы. Тилди сактоо жана өнүктүрүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз!
 Коммуникация жана медиа департаменти