Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору Эрлан Догдурбеков жана Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков өз ара кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту.
Келишимге кол коюу аземинде тараптар эки мекеменин билим берүү, илим жана маалыматтык саясат багытындагы кызматташуусу мындан ары дагы чыңдалаарын белгилешти.
ЭлТРдин башкы директору Э.Догдурбеков университет эл аралык статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайлардын арасында туруктуу өнүгүү жолунда бара жатканын баса белгиледи. Ал эми университеттин ректору А.Мамасыдыков ЭлТР өлкөнүн коомдук-саясий, маданий жана социалдык саясатын ишке ашырууда маанилүү роль ойноп келе жатканын айтып, айрыкча “Билим-Илим” каналы аркылуу илим жана агартуу тармагында жүргүзүлүп жаткан иштерге жогору баа берди.
Кызматташуу алкагында “Илим жана Билим” каналы аркылуу университеттин окумуштууларынын катышуусунда түз эфир жана “ИЛИМ ЖОЛУНДА” аттуу телетүрмөк эфирге чыгат. Ал үчүн университет ЭлТРдин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 100 000 сом өлчөмүндө колдоо көрсөтөт.
Бул келишим – илим менен медианын интеграциясын чыңдоого, жаштардын билим деңгээлин жогорулатууга жана коомчулукка сапаттуу маалымат жеткирүүгө багытталган маанилүү кадам.
Коммуникация жана медиа департаменти





