Иш-чарага университеттин бардык факультеттеринен тандалып алынган студент мырзалар катышты. Конкурсанттарды колдоп ата-энелер да келип, залга өзгөчө шаң кошушту. Ошондой эле сынактын калыстыгын жана ачык-айкын өтүшүн камсыз кылуу максатында Ош шаарындагы маданият тармагынан атайын чакырылган коноктор калыстар тобунун курамында иш алып барышты.
Сынактын салтанаттуу ачылышында университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков сөз сүйлөп, бул сынакка ар бир факультеттен акылы, билими, тарбиясы жана ыйманы менен айырмаланган мыкты студенттер тандалып келгенин белгиледи. Ошондой эле Ош шаарынын маданият жана жаштар тармагынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов студент мырзаларды куттуктап, аларга ийгилик каалады.
Кароо-сынак төрт турдан туруп, катышуучулардын чыгармачылыгы, интеллектуалдык деңгээли, сахнадагы өзүн алып жүрүүсү жана жалпы даярдыгы калыстар тобу тарабынан бааланды.
Жыйынтыгында «КӨЭАУнун мырзасы – 2026» кароо-сынагынын баш байгесине Тарых-филология факультетинин студенти Нурбол Саитов ээ болду.
1-орунду Инженердик-технологиялык жана табигый педагогикалык факультетинин студенти Искак Нуркыязов алды
2-орунду Медициналык колледжинин студенти Жумабек Камилжан уулу багындырды.
3-орунду Билим берүү инновациялар колледжинин студенти Бектемир Абдысатаров алды.
Мындан тышкары, «Күчтүү мырза» номинациясы менен Гуманитардык-педагогикалык факультетинин студенти, «Таланттуу мырза» номинациясы менен Юридика-экономикалык факультетинин студенти, ал эми «Интеллектуал мырза» номинациясы менен STEM колдонмо кесиптик колледжинин студенти сыйланды.
Сыйлык ээлери бир катар өнөктөштөр тарабынан даярдалган баалуу белектерге, ошондой эле Бириккен кесиптик бирлик комитетинин жана университеттин ректоратынын акчалай сыйлыктарына жана дипломдоруна ээ болушту.
Жыйынтыгында «КӨЭАУнун мырзасы – 2026» кароо-сынагы жогорку деңгээлде өтүп, студенттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн жана талантын ачып берген мазмундуу маданий иш-чара катары жыйынтыкталды.
Коммуникация жана медиа департаменти





