Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Юридика-экономикалык факультетинин «Экономика, башкаруу жана социалдык иштер» кафедрасы тарабынан магистратура бөлүмүндө билим алып жаткан магистранттар, аспиранттар жана жаш окутуучулар үчүн «Илимий метрикалык маалымат базалары жана илимий метрикалык көрсөткүчтөр» аттуу конок лекция уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты – илимий изилдөөлөрдө кеңири колдонулуучу эл аралык илимий метрикалык маалымат базалары, илимий көрсөткүчтөр (h-индекс, импакт-фактор ж.б.) жана аларды практикалык колдонуу жолдору тууралуу кеңири жана системалуу маалымат берүү болду.
Лекция илимий иштердин сапатын жогорулатуу, эл аралык рейтингдерде атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыруу жана академиялык активдүүлүктү күчөтүү багытында маанилүү кадам болуп эсептелет.
Конок лектор катары Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунун директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Хамзаева Айнура Мураталиевна чакырылып, тема боюнча мазмундуу жана практикалык мисалдар менен коштолгон баяндама жасады. Ал эл аралык илимий маалымат базаларына катталуу, автордук профилди түзүү, цитаталоону жогорулатуу жана илимий публикацияларды туура жайгаштыруу боюнча пайдалуу сунуштарын берди.
Иш-чаранын расмий ачылышында университеттин илим боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Алмаз Атабеков жана Магистратура бөлүмүнүн башчысы Назира Тилекова сөз сүйлөп, жаш изилдөөчүлөргө илимий изденүүлөрүндө ийгиликтерди каалашты.
Лекция соңунда презентация боюнча суроо-жооп бөлүгү уюштурулуп, катышуучулар тарабынан активдүү талкуу жүрдү. Конок лектор илимий макалаларды эл аралык журналдарга жарыялоо, изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана илимий метрикалык көрсөткүчтөрдү туура пайдалануу боюнча практикалык кеңештерин берди.
Мындай форматтагы иш-чаралар университетте илимий изилдөө маданиятын калыптандырууга, жаш окумуштуулардын кесиптик өнүгүүсүнө жана эл аралык илимий мейкиндикке интеграцияланышына өбөлгө түзөт.
Коммуникация жана медиа департаменти

