Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы консулу КӨЭАУнун студенттери менен жолугушту

 Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы консулу Азамат Болтаев Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде билим алып жаткан өзбекстандык студенттер менен жолугушуу өткөрдү.
 Жолугушууну университеттин эл аралык байланыштар департаментинин директору, доцент Чынгыз Мамажакып уулу ачып, окуу жайдын жетекчилигинин атынан жылуу салам жолдоду. Ал университет ар дайым чет өлкөлүк студенттерге колдоо көрсөтүп, алардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.
 Өз кезегинде консул Болтаев Азамат Аминович студенттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана университеттин ички тартибин так сактоого, жоопкерчиликтүү болууга жана билим алууга олуттуу мамиле кылууга чакырды. Ошондой эле ал студенттердин коопсуздугу жана укуктары ар дайым консулдуктун көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.
 Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, аларга консулдуктун адиси Хомиджонов Исроил Олимжонович кеңири жана мазмундуу жоопторду берди. Иш-чара ачык диалог форматында өтүп, өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түздү.
 Мындан тышкары, Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы консулдук бөлүмүндө чет өлкөлүк жарандар үчүн бардык шарттар түзүлгөнү маалымдалып, студенттер консулдук тарабынан уюштурулган маданий жана спорттук иш-чараларга активдүү катышууга чакырылды.
 Коммуникация жана медиа департаменти