КӨЭАУда санариптик медицина боюнча инновациялык VR CLINIC тренинги өткөрүлдү

 Бүгүн Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде санариптик медицина багытындагы маанилүү практикалык тренинг болуп өттү
SIM MED SOLUTIONS компаниясынын башкы директору Елена Беззубова, Өнүгүү ЖЧК компаниясынын коммерциялык директору Денис Асеев жана компаниянын Кыргызстандагы аймактык өкүлү Сергей Юрченко университеттин Эл аралык медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы үчүн санариптик медицинадагы инновациялар боюнча атайын тренинг өткөрүштү.
Тренингдин алкагында жасалма интеллект менен иштеген VR CLINIC платформасы тааныштырылды.
♦️ VR доктор симулятору — ар кандай адистиктеги дарыгерлерди окутуу үчүн иштелип чыккан алдыңкы технологиялык чечим болуп саналат. Ал төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:
🔹 100дөн ашык медициналык сценарий;
🔹 Реалдуу клиникалык кырдаалдарга толук сүңгүп кирүү;
🔹 Анамнез чогултуу жана клиникалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;
🔹 Практикалык көндүмдөрдү коопсуз чөйрөдө бекемдөө;
🔹 Билимди текшерүү жана окутуу процессинин статистикасын талдоо;
🔹 Эки колдонуучунун бир убакта виртуалдык чөйрөдө иштөөсү.
 Мындай инновациялык технологиялар студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана кыска убакытта жогорку деңгээлдеги кесиптик компетенцияларга жетишине өбөлгө түзөт.
 Коммуникация жана медиа департаменти