Ура! КӨЭАУнун студенти I орунду багындырды!

 Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенти Самат Шарапов ОшТУнун түзүлгөн күнүнө карата стол тенниси боюнча эркектер арасында уюштурулган мелдеште мыкты чеберчилигин көрсөтүп, I орунду багындырды.
 Бул жеңиш студенттердин спортко болгон кызыгуусун арттырып, сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөт.
 Университеттин сыймыктуу студенти Шарапов Саматты жана анын машыктыруучусу — КӨЭАУнун Дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, дене тарбия жана спорттун отличниги Назаров Абдулазизди кезектеги ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан кийинки таймаштарына да ийгиликтерди каалайбыз!
 Коммуникация жана медиа департаменти