Санариптик трансформацияны колдоо максатында айыл мектеби колдоого алынды

КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков өлкө мектептеринин 12 жылдык билим берүүгө өтүүсүнө жана билим сапатын жогорулатууда санариптик технологиялардын маанилүүлүгүн эске алуу менен №40 Бектемир Азизов атындагы мектепке электрондук доска жана проектор белекке тапшырды.
Бул демилге билим берүү мекемелеринин заманбап санариптик чөйрөгө өтүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында ишке ашырылды.
Ректор өз сөзүндө мектептердин санариптик трансформация жолунда университет ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Өз кезегинде мектеп директору Абдыжапар Сагынов көрсөтүлгөн жардам үчүн терең ыраазычылык билдирип, бул жабдуу окуу процессинин сапатын жогорулатууга чоң салым кошорун айтты.
 Коммуникация жана медиа департаменти