«Сахна үстүндөгү сулуулук» — чыгармачылык менен чеберчиликтин айкалышы

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Стем колдонмо кесиптер колледжинин «Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы» адистигинин студенттери «Сахна үстүндөгү сулуулук» аттуу маданий иш-чара өткөрүштү.Кече университет өкүлдөрүнүн куттуктоо сөзү менен ачылып, студенттердин өз колдору менен даярдаган көркөм кийим коллекциялары тартууланды. Иш-чара ыр-бий менен коштолуп, жаш дизайнерлердин чыгармачылыгы жана чеберчилиги даана чагылдырылды.
Соңунда Мамлекеттик тил жана социалдук иштер боюнча проректор, доцент Сыргак Сарыков жана колледж директору Замирбек Зулпуев активдүү студенттерди Ардак грамоталар менен сыйлашты.
Бул иш-чара студенттердин кесиптик чеберчилигин арттырган маанилүү маданий саамалык болуп, чыгармачыл жаштардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түздү.
Коммуникация жана медиа департаменти