Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Тарых-филология факультетинин Орус филологиясы кафедрасы Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасы менен кызматташуу келишимин түздү. Келишимге кафедра башчысы Г.А.Абдивалиева жана китепкананын директору Д.С.Бапиева кол коюшту.
Бул өнөктөштүк билим берүү, илимий жана маданий багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, студенттердин кесиптик компетенцияларын чыңдоого, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө орус тили менен адабиятынын ролун жогорулатууга багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен ишмердүүлүктүн келечеги тууралуу пикир алышып, адабий жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, мастер-класстарды жана ар түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл китепкананын студенттер үчүн түзгөн мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.
Эскерте кетсек, китепканада «Россия с вами» ресурстук борбору жана коворкинг-борбор иштейт. Бул жерде студенттер сабактарга даярданып, окуу жана илимий адабияттар менен иштеп, биргелешкен талкууларды жана долбоорлорду жүргүзө алышат. Ошондой эле келүүчүлөр үчүн жогорку ылдамдыктагы акысыз интернет жеткиликтүү болуп, заманбап техника жана ыңгайлуу иштөө зоналары менен жабдылган.
Орус филологиясы кафедрасы менен Т.Сатылганов атындагы китепкананын ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк студенттердин кесиптик жана чыгармачылык өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Коммуникация жана медиа департаменти




