7-март күнү Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн жалпы шаардык ишембиликке Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери да активдүү катышышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө студенттер шаар аймагындагы белгиленген тилкелерди тазалап, айлана-чөйрөнү ирээтке келтирүү, коомдук жайларды көрктөндүрүү иштерине өз салымдарын кошушту.
Мындай иш-чаралар жаштарды экологиялык маданиятка тарбиялап, коомдук жоопкерчиликти арттырууга жана шаардын тазалыгын сактоого өбөлгө түзөт.
Университеттин студенттери мындан ары да шаарды көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы демилгелерге активдүү катыша беришет.
Коммуникация жана медиа департаменти




