КӨЭАУда 8-Мартка карата студент кыздар арасында сынак өттү

8-Март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Юридика-экономикалык факультетинде адистик билим алып жаткан студент кыздардын арасында командалык кароо-сынак уюштурулду.
Иш-чараны факультеттин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөева ачып, факультеттеги жалпы айымдарды жана студент кыздарды жаздын эң жаркын майрамы менен куттуктап, кароо-сынакты уюштурган демилгечилерге ыраазычылыгын билдирди.
Кароо-сынак төрт баскыч боюнча өткөрүлдү:
🔹 «Биз — келечектин лидерибиз» аттуу командалык саламдашуу;
🔹 «Интеллект жана анализ»;
🔹 «Өнөр жана харизма»;
🔹 «Имидж жана коомдук позиция».
Мыкты даярдык менен келген командалар өздөрүнүн билим деңгээлин, чыгармачылык жөндөмдөрүн жана командада иштөө маданиятын көрсөтүп, калыстар тобунун баалоосуна ээ болушту.
Аялдардын майрамына арналган бул кароо-сынак факультеттин таланттуу студенттеринин өзгөчө сюрприздери, көңүлдүү ыр-күүлөрү менен коштолуп, катышуучуларга жана көрүүчүлөргө жагымдуу майрамдык маанай тартуулады. Иш-чара студент кыздардын активдүүлүгүн, чыгармачылыгын жана лидерлик сапаттарын даңазалаган жаркын майрамдык кечеге айланды.
Коммуникация жана медиа департаменти