КӨЭАУда Рамазан айына карата студенттерге кайрымдуулук ооз ачуу уюштурулуп, пайдалуу семинар өткөрүлдү

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Ыйык Рамазан айына карата студенттер үчүн кайрымдуулук иш-чарасы жана агартуучулук семинар уюштурулду. Иш-чара «Билим кемеси» коомдук фонду тарабынан демилгеленип, университеттин жатаканасында жашаган студенттерге колдоо көрсөтүүгө багытталды.
 Иш-чаранын алкагында студенттер үчүн аталган фонддун төрагасы Нуркылыч Нуралиев тарабынан «Окуу жана түшүнүүдөгү 3 тоскоолдук» деген темада пайдалуу семинары сунушталды. Анда жаштарга билим алуу процессинде кездешкен негизги кыйынчылыктар, аларды жеңүүнүн жолдору жана өзүн-өзү өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди. Семинар студенттер тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, алар үчүн пайдалуу тажрыйба болду.
 Мындан тышкары, кайрымдуулук акциясынын алкагында университеттин жатаканасында жашаган 320 студентке ооз ачар баштыктары таратылды. Баштыктарда аш, салат, замзам суусу жана таттуулар салынып, студенттерге Рамазан айындагы руханий колдоо катары сунушталды.
 Университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков студенттерге көрсөтүлгөн мындай колдоо үчүн «Билим кемеси» коомдук фондунун жетекчилигине жана жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирип, окуу жайдын бренди чегерилген белектерин тапшырды. Ал өз сөзүндө мындай демилгелер жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, билимге болгон умтулуусун арттырарын белгиледи.
 Өз кезегинде «Билим кемеси» коомдук фондунун башкаруу кеңешинин төрагасы Адилет Искаков университеттин окутуучуларынын эмгегин жогору баалап, студенттерге окууларында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле университеттин жатаканаларын жаңылап, студенттер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жаткан ректорго ыраазычылык билдирди.
 Мындай иш-чаралар билим берүү мекемелери менен жарандык коомдун ортосундагы кызматташууну чыңдап, жаштардын билим алуусуна жана руханий өнүгүүсүнө чоң салым кошууда.
 Коммуникация жана медиа департаменти