8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында “Дүйнөнү өзгөрткөн аял” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарада Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Тарых-филология факультетинин окутуучулары: Орус филологиясы кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Алиева Рахиля Вахидовна жана Англис филологиясы кафедрасынын окутуучусу Алекова Элнура Алмазбековна жеңүүчүлөрдүн катарында сыйланышты.
Бул жетишкендик университеттин профессордук-окутуучулук курамынын билим берүү, илим жана коомдук ишмердүүлүктөгү активдүү эмгегинин жогорку баалангандыгын дагы бир ирет тастыктайт.
Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулдугу жана Орус үйүнүн өкүлдөрү, ошондой эле шаардагы ар түрдүү тармактарда эмгектенген айымдар катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор, ыраазычылык баракчалары жана китептер менен бирге окуу куралдарын сатып алууга сертификаттар тапшырылды.
Майрамдык кечеде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Игорь Воронцов концерттик программа тартуулап, жаз, сүйүү жана аялзатка болгон урмат-сыйды даңазалаган белгилүү чыгармаларды аткарды.
Университет жамааты сыйлыкка татыган окутуучуларды чын жүрөктөн куттуктап, аларга чыгармачылык ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайт.
Коммуникация жана медиа департаменти




