КӨЭАУда ата-энелер, иш берүүчүлөр жана магистранттар менен жолугушуу өткөрүлдү

 Инженердик-технологиялык жана табигый педагогикалык факультетинде Механика, энергетика жана дизайн кафедрасы жана магистратура бөлүмү тарабынан негизги билим берүү программаларын (НББП) талкуулоого арналган маанилүү жолугушуу уюштурулду.
 Иш-чарага ата-энелер, иш берүүчүлөр жана магистранттар катышып, билим берүү программаларын өркүндөтүү, студенттердин кесиптик даярдыгын күчөтүү жана заманбап талаптарга ылайык адистерди даярдоо багытында өз сунуштарын беришти.
 Жолугушууну факультеттин деканы, ф.-м.и.к., профессор Ж.К. Жээнтаева ачып, катышуучуларга сөз берди. Ошондой эле магистратура бөлүмүнүн башчысы, п.и.к., доцент Н. Тилекова билим берүү процессиндеги актуалдуу маселелерге токтолду.
 Механика, энергетика жана дизайн кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент З.К. Эрмекова “Костюмду көркөм долбоорлоо” профили боюнча магистрдик программада жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндама жасады. Ал эми кафедранын улук окутуучусу, филос.и.к. Г.Э. Акматова “Костюм жана текстиль искусствосу” негизги билим берүү программасы менен кеңири тааныштырды.
 “Текстиль жана костюм искусствосу” багыты боюнча өткөрүлгөн бул жолугушуунун негизги максаты – коом талап кылган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болуп саналат. Мындай форматтагы жолугушуулар салтка айланып, жыл сайын билим берүү программаларын жакшыртууда маанилүү аянтча болуп келет.
 Жолугушууда теориялык билимди практика менен айкалыштыруу, студенттерди өндүрүштүк практикага кеңири тартуу, иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташтыкты күчөтүү маселелери өзгөчө белгиленди. Ошондой эле келечекте дуалдык окутуу технологияларын киргизүү максаты коюлуп, бул багытта биргелешкен иштерди жүргүзүү зарылдыгы айтылды.
 Ар бир катышуучунун сунуш-пикирлери эске алынып, билим берүү программаларын мындан ары дагы өркүндөтүү багытында конкреттүү чечимдер кабыл алынды.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти