Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде КӨЭАУ, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, “Секом Ош” билим берүү борбору жана “Рекорд” билим берүү борборунун биргелешкен демилгеси менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн “Кесибим – келечегим” аттуу II форуму жогорку деңгээлде өттү.
Форумдун конок-спикерлери, КӨЭАУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү: белгилүү төкмө акын Идирис Айтбаев, ЭлТРдеги “Билерман ордо” теледолбоорунун негиздөөчүсү, тележурналист Талант Канатбек уулу, “Аэро Ош” компаниясынын директору, “Tez Jet” авиакомпаниясынын директорунун орун басары Артур Эсенкулов жана КӨЭАУнун стартап долбоорлору боюнча башкы адиси Айзирек Назаркуловалар өздөрүнүн ийгилик таржымалдары, убакытты туура пайдалануунун сырлары жана билим алуунун мааниси тууралуу шыктандыруучу баяндамаларын жасашты.Иш-чаранын соңунда ректор Абдилбает Мамасыдыков форумдун спикерлерине жана долбоордун демилгечиси, КӨЭАУнун доценти, техника илимдеринин кандидаты Өскөнбай Дилишатовго ыраазычылык каттарын жана университеттин логотиби түшүрүлгөн эстелик белектерин тапшырды.




