Тамбов мамлекеттик университетинин делегациясы КӨЭАУда: тажрыйба, илим жана кызматташтык

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Тамбов мамлекеттик университетинин (ТМУ) өкүлдөрүн жылуу тосуп алып, ректор Абдилбает Асанович Мамасыдыков меймандар менен расмий жана иштиктүү маанайдагы жолугушууну өткөрдү.
Делегацияны ТМУнун ректору Павел Сергеевич Моисеев баштап келди. Жолугушууда эки университеттин негизги багыттары, билим берүү жана илимий ишмердиктин учурдагы көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтар сунушталып, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, билим берүү программаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар ортосунда кызматташтык боюнча расмий макулдашууларга кол коюлду.
Расмий жолугушуудан кийин ТМУнун профессордук-окутуучулук курамы тарабынан КӨЭАУнун тарых-филология жана юридика-экономикалык факультеттеринде бир катар мазмундуу лекцияларды жана мастер-класс өтүштү. Атап айтканда, дефектология кафедрасынын доценти Алена Алексеевна Андреева «Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап абалы жана келечеги» деген темада, педагогика жана билим берүү технологиялары кафедрасынын профессору Игорь Алексеевич Шаршов “Инсандын кесиптик-чыгармачылык өзүн-өзү өнүктүрүүсү: маңызы жана технологиясы” деген темада, орус жана чет өлкө адабияты кафедрасынын профессору Наталия Владимировна Сорокина “Аймак таануу адабияты: салттык жана заманбап багыттар” деген темада, саясий илимдер жана эл аралык процесстер кафедрасынын профессору Владимир Викторович Романов “Тамбов жергесинен чыккан Георгий Васильевич Чичерин – советтик дипломатиянын башында турган тарыхый инсан” деген темада, саясий илимдер кафедрасынын доценти Наталия Юрьевна Жуковская “Россия жана Жакынкы Чыгыш: тарыхый мурас жана бүгүнкү реалдуулук” деген темада, ал эми экономика жана башкаруу кафедрасынын профессору Игорь Анатольевич Кузнецов болсо “Заманбап керектөөчү – жаңы дүйнөлүк экономикалык түзүлүштүн архитектору” деген темада баяндамаларды жасашты. Орусиялык окумуштууларга маңыздуу баяндамалары үчүн университеттин атынан ыраазычылык каттар тапшырылды.
Университеттер ортосундагы жаңы деңгээлдеги кызматташтык мындан ары да билим берүү жана илим багытында жемиштүү улана берет.
 Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст "TERNATIONAL ERNATI ATIONAL SULBEK INIVERSITY d ter fterB.S B. ದಿಂಾ್ kov O CAN"
Возможно, это изображение учеба и отдел новостей
Возможно, это изображение текст "name"
Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей и текст
Нет описания фото.
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст