КӨЭАУда финансылык жана пенсиялык сабаттуулук боюнча тренинг уюштурулду

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында «Финансылык жана пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу» темасында тренинг жана студенттер арасында уюштурулган видеороликтер сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында БМУнун доценти, экономика илимдеринин кандидаты, «Кыргызстан» Топтолмо пенсиялык фондунун башкы директорунун орун басары Башарат Молдокулова катышуучуларга финансылык сабаттуулук, алдамчылыктан сактануу ыкмалары, пенсиялык топтолмо фонддун ишмердүүлүгү тууралуу баалуу жана практикалык маалыматтарды сунуштады.
Иш-чарага катышкан КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков финансылык сабаттуулук – заман талабы экенин белгилеп, студенттер үчүн тренинг жана роликтер сынагын уюштурган Улуттук банктын сертификатталган тренери Б.Молдокуловага атайын ыраазычылык кат тапшырды. Өз кезегинде Б.Молдокулова КӨЭАУ жетекчилигине ыраазычылык билдирип, өзү жазган илимий эмгегин университетке белек кылып берди.
Сынакка активдүү катышып, видеоролик тарткан төмөнкү студенттер «Кыргызстан» топтолмо пенсиялык фондунун ыраазычылык каттары жана баалуу белектери менен сыйланышты:
 Тарых-филология факультети, 3-курс:
— Акматбекова Аймээрим;
— Алтынбек кызы Элнура;
— Төрөали кызы Аида;
— Айтиева Айдана.
 Юридика-экономикалык факультети:
— Галы Шамурзаева (3-курс);
— Байжигит Абдикаров (2-курс).
 Мындай иш-чаралар студенттердин финансылык маданиятын жогорулатууга жана жаштарды жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуусуна салым кошору баса белгиледи.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение один или несколько человек
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст