Фергана мамлекеттик университети жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ортосундагы билим берүү багытындагы кызматташуунун алкагында Гуманитардык-педагогикалык факультеттин окутуучулары жана студенттери кезектеги тажрыйба алмашуу сапары менен Өзбекстандын Фергана облусунда болуп келишти.
Иш-чаранын алкагында КӨЭАУнун окутуучулары Кабилова Жамила Турсуновна — «Z муундарынын психологиялык өзгөчөлүгү» темасында, п.и.к., доцент м.а. Усарова Гүлбахар Орунбаевна — «Мектеп программасында адабият сабагы менен интеграцияланган кыймылдуу окуу» аттуу темада конок лекцияларын окуп, кесиптештери жана студенттер менен тажрыйба бөлүшүштү.
ПМНО-1-22 тайпасынын студенттери Фергана мамлекеттик университетинин педагогика жана психология багытындагы студенттери менен биргеликте сабактарга катышып, жаңы билимдерди жана практикалык тажрыйбаларды өздөштүрүштү.
Мындан сырткары делегация университеттин заманбап электрондук китепканалары, техникалык базасы жана окуу инфраструктурасы менен таанышып, өз ара кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Студенттер университеттин музейин кыдырып, Орто Азиянын тарыхы боюнча кызыктуу материалдар менен таанышып, билимдерин дагы да тереңдетишти.
Бул ири билим берүү сапары эки университеттин ортосундагы достукту, өз ара колдоону жана академиялык байланыштарды дагы бекемдеди.
Коммуникация жана медиа департаменти




