Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаеванын төрайымдыгы менен Окуу-усулдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Отурумдун күн тартибинде бир катар маанилүү маселелер каралды. Тактап айтканда, окуу-усулдук документтерди автоматташтыруу, электрондук форматтарга өткөрүү, стандартташтыруу жана сапатты көзөмөлдөө маселеси боюнча ИТжТПФнын деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Жумагул Жээнтаева баяндама жасады.
Мындан тышкары, студенттерди санариптик экономиканын жаңы чакырыктарына даярдоонун ыкмалары боюнча ЭБжСИ кафедрасынын милдетин аткаруучу, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Перизат Алишева маалымат берди.
Ал эми ОУКтун төрайымы, профессор Аида Балтабаева тарабынан Окуу-усулдук колдонмолор сунушталып, кеңеш мүчөлөрүнүн талкуусунан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Коммуникация жана медиа департаменти




