КӨЭАУда акча жумалыгына карата семинар өттү

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин юридика-экономикалык факультетинде Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Букуев Кадырбек Жумабекович студенттер үчүн мазмундуу жана пайдалуу семинар өтүп берди.
Иш-чараны факультеттин деканы, профессор Алмагүл Көкөева ачып, келген конокторду Акча жумалыгы менен куттуктап, иш-чарага ийгилик каалады.
Бишкектен келген сыйлуу конок активдүү катышкан студенттерге атайын белектерди тапшырып, алардын кызыгуусун арттырды. Ошондой эле, бул маанилүү жолугушууга чет өлкөлүк окумуштуулар да катышып, тажрыйба алмашууга чоң салым кошушту.
Семинардын соңунда факультеттин деканы окуу жайдын жетекчилигинин атынан жалпы конокторго терең ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар студенттер үчүн абдан пайдалуу экенин белгиледи.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст